Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Politico: Россия Украинада болжолдонгондон эртерээк жеңишке жетиши мүмкүн

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскерий техникасы
Россиянын аскерий техникасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Эксперттин айтымында, Москва жеңишин Байдендин мөөнөтү бүткөнчө майрамдап калышы ыктымал.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россия украин жаңжалында көпчүлүк күткөндөн алда канча эрте жеңишке жетиши мүмкүн. Мындай пикирин Politico басылмасы үчүн жазган макаласында Атлантика кеңешинин (РФ аймагында ишмердүүлүгү зыяндуу деп табылган) алдындагы Стратегия жана коопсуздук борборунун адиси Эндрю Мичт билдирген.
Анын айтымында, Москва жеңишке ноябрга чейин эле жетиши толук ыктымал.
"Абал барган сайын начарлап жатат, мындан улам Россиянын Украинадагы жеңиши көпчүлүк болжолдогондон эртерээк болушу мүмкүн, керек болсо АКШ президенти Байдендин мөөнөтү бүткөнчө болуп калышы ыктымал", — деген автор.
Эскерте кетсек, Москва сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу билдиргени менен Киев буга мыйзам чегинде тыюу салган. Батыш Россияны сүйлөшүүгө үндөп келет, бирок НАТО Украинанын диалогдон баш тартканын эске албайт. Кремль азырынча тынчтыкка келүүгө эч кандай негиз жок экенин айтып келет, Россия үчүн атайын операциянын максатына жетүү башкы максат бойдон калууда, муну ушу тапта аскердик жол менен гана ишке ашыруу мүмкүн.
Бундестаг. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Бундестаг өкүлү: АКШнын Украинага бөлгөн жардамы акыркы болушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0