Жакынкы Чыгышты чайпалтууга ким кызыкдар? Жаңжалдын шойкомдуу кесепети

© AFPТегерандын жашоочусу. Архивдик сүрөт
Тегерандын жашоочусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Батыш ал-күчтөн тайып, көп полярдуу дүйнөнүн жаңы формалары түзүлүп жаткан чакта мусулман мамлекеттеринин курчоосунда калган Израиль реалдуулукка ыңгайлашып күн көрүшү керек дейт эксперт.

Эки жүздүүлүк дипломатиясы

Жакынкы Чыгыштагы абал быйыл деле курч бойдон калды, Израиль Газа секторундагы операциясын токтотуп жиберген жок, ошол эле маалда Иран менен өз ара сокку урушуп жатат. Апрелдин башында Израиль Ирандын Дамаскидеги консулдугуна ракеталык чабуул жасап, дипломаттар менен аскер адамдарынын өмүрүнө забын болду. Жооп иретинде Иран Израилдин аймагында жайгашкан аскердик объектилерге болуп көрбөгөндөй сандагы дрон менен ракеталарын учурду. Америкалык ЖМКлардын маалыматы боюнча, 19-апрелге караган түнү Израиль Ирандын территориясындагы объектилерди "ченеми менен" бутага алган. Ирандын IRIB мамлекеттик агенттиги бир катар провинцияларда учкучсуз аппараттар учуп келгендиктен абадан коргонуу системасы иштеп кеткенин кабарлады. Ал арада Ирандын үч аткаминери соккулардын максаты Исфахандын алдындагы авиабаза болгонун New York Times гезитине тастыктап беришкен.
Жаңжалдын регионалдык, керек болсо дүйнөлүк масштабга өтүп кетүү ыктымалдуулугу күч, Израиль менен Ирандын ортосундагы чырды чечүү үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши экинчи ирет жыйынга чогулууга аргасыз болду.
"Эки жүздүүлүк менен кош стандарттуулуктун парады" — бул Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензянын Ирандын Израилге болгон чабуулуна байланыштуу чогулган жыйында айткан сөзү. Анткен менен мындай сыпаттама 1991-жылдан бери БУУда сөз сүйлөөгө Батыш дипломаттарынын баарына ылайык келет. Дүйнөгө үстөмдүктү тез эле орното коюуга бекем ишеним БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги жыйындарда, керек болсо кансыз согуштун абдан курчуп турган мезгилинде өкүм сүргөн өз ара түшүнүүчүлүктү, урмат-сыйды бир заматта жоготту. Азыр эки жүздүүлүк жана кош стандарттуулук бүтүндөй Батыш дипломатиясынын визиттик карточкасы болуп калды.
Бүгүнкү күндө Россия БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги глобалдуу коопсуздуктун бул маанилүү органы эмнеден улам түптөлгөнүн аңдап-түшүнгөн саналуу мамлекеттердин катарында болуп, уюмдун уставынын принциптерин жана максаттарын сактап келе жатат. Иран-Израиль жаңжалы курчуй берсе кесепети Жакынкы Чыгышка аздыр-көптүр тиешеси бар мамлекеттердин баарына тиет. Демек, абалдан чыгуунун жолун талкуулоого бардык тараптар кызыкдар болушу керек эле. Бирок Батыш делегациялары көнгөн адатынча эч аракет көрбөгөнүн актоо үчүн ар кыл шылтоо ойлоп таап, Израилдин Газа секторундагы атайын операциясы башталгандан тарта жоопкерчиликсиз иш-аракетине дем берип, шыкактап келет. Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жасалган чабуулду айтпай тек коелу.
Израиль жана АКШ желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
ХАМАС: Израиль Иранга каршы согушка АКШнын катышуусун каалайт

Жакынкы Чыгыштагы олку-солкулукка ким кызыкдар?

Палестиналыктардын улуттук территориясында, буга Түштүк Иерусалим камтылган Иордан дарыясынын сол жээги менен Газа сектору кирет, өзүнүн мамлекети түзүлмөйүн Жакынкы Чыгыштагы жаңжал басылбайт. АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик кагаз жүзүндө палестин мамлекеттүүлүгүнө каршы эмес, бирок мунун баары Израилдин коопсуздук кепилдиги тууралуу көп сөз менен коштолууда. Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө Израиль каршы, "эмне кылмак элек" деген сымал АКШ алакан жайып отурат. Чынында Тель-Авив менен регионалдык жана глобалдуу максаты бир Вашингтондун бул жерде Израиль жетекчилигине сөзү өтпөй жаткандай.

Согуш күн көрүүнүн кепилдиги катары

Израиль үчүн тынч жашоо өтө оор. Мындайда өлкөдө ички саясий тирешүү, пикир келишпестиктер күчөп кетет. Согуш менен чыр-чатак — Израилдин кадыресе күн кечирип, Иордан дарыясынын сол жээгине карай кеңейип, Газа секторундагы элди тукум курут кылуу үчүн башкы стимул. Газадагы акыркы окуяларга кандайдыр бир баа берүү учурда Израилдин өнөктөштөрүнө да кыйын болуп бара жатат. Иранга каршы аскердик чагымдар — бул Израилдин Газадагы жазалоочу операциясынан эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу. Тегеран Израилге жана палестин маселесинин чечилишине карата элдешкис позицияда экени маалым.
Израилдин оккупациялык саясатын таптакыр кабыл албай, перс мамлекеттери Вашингтон менен Тель-Авивдин Жакынкы Чыгыштагы пландарына тоскоолдук жаратып келет. Ирандын ракеталык соккусунун курмандыгы болумуш болгон Израиль эми "мына-мына жарылып", дүйнөнүн туруктуулугуна доо кетире турган "Ирандын өзөктүк куралы" тууралуу айтып-дей баштайт сыяктуу. Окуя так эле ушундай нук аларын көрүп-билип туруп эле жамааттык Батыш Израилди колдойт, анткени атаандаштардын көңүлүн башкага оодара туруу кайсы бир деңгээлде глобалдуу үстөмдүк үчүн күрөштө артыкчылык берип турат. Тилекке каршы, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда чыккан жаңжалдар эл аралык абал көпкө чейин толку-солку болуп турарын тастыктоодо.

Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш

Жакынкы Чыгышта абалдын чыңалышы менен Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да чыр-чатакты дипломатиялык жол менен гана чечүүгө чакырык таштады.
Бир катар аналитиктер кырдаалдын Израиль менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилеге таасири тууралуу айта башташты, божомол Тель-Авив үчүн анча жакшы эмес. Газа секторундагы аскердик операция башталгандан тарта БА мамлекеттери Палестина эли менен тилектештигин билдирип, Израилдин геноциддик саясатын кескин сындап келет. Буга чейин Тель-Авив БАны өзүнө карата турукташып калган режим өкүм сүргөн мусулман дүйнөсүнүн мейкиндиги катары карап келген. Бул жагдайды ал болушунча колдонуп, террорчулукту колдойт деген кине менен Ирандын региондогу саясатына каршы аракеттерди көрдү. Анын үстүнө Тегаранга салынган эл аралык санкциялар да буга жардам берип жатты.
Эми абал кескин өзгөрдү. Азыр Борбор Азия мамлекеттеринде Израилдин кадыры артып, региондун жашоосуна активдүү катышууда деп айта албайбыз. Тескерисинче, ушу тапта Ирандын маанилүү соода-экономикалык жана саясий өнөктөш болуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Мындай жагдай БА мамлекеттери үчүн жаңы транспорттук жана энергетикалык жолдорду ачып берет. Буга кошумча, Иран ШКУга мүчө, ЕАЭБ менен эркин соода тууралуу келишим түзгөн, ошондой эле Россия жана Кытай менен тыгыз кызматташып келет. Региондогу мындай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай калса Иран чоң утулушта болот.
АКШ аскер техникасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2024
Дүйнөдө коргонууга жумшалган чыгымдар тарыхый рекордду жаратты

Тарыхый өзгөрүүлөр

Евразияда чыр-чатакка аралашкан зоналардын көбөйүшү евразиялык мейкиндиктеги өлкөлөрдүн бардыгы үчүн баш-аягы көрүнбөгөн олуттуу маселеге айланышы мүмкүн. Мисалы, Түштүк Кавказдагы Армениянын орунсуз аракеттери ЖККУнун жалпы коопсуздук мейкиндигин жакшы эмес жагына өзгөртүп, Борбордук Азиянын чек арасында террорчулук менен экстремизмдин тобокелдигин жогорулатат, ошону менен бирге АКШ тарапташтары менен Корей жарым аралында жана Тайвань куймасында абалды курчутуп жаткан Ыраакы Чыгышта кырдаал курчуйт. Бул өз кезегинде Россия, Кытай жана Түндүк Кореяга жалпы коркунуч жараткан көрүнүш. Анткен менен биз каалайбызбы-каалабайбызбы, Евразиянын жүрөгүнөн орун алган Борбордук Азия олуттуу геосаясий чакырыктар менен өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү болуп калды.
Евразия мамлекеттеринин өз ара кызматташуусу жана бул процесске дүйнөлүк көпчүлүктүн аралашуусу өлкөлөрдүн жамааттык Батыш тараптан келген кооптулукка жооп кылып адилеттүү жана көп түрдүү дүйнө тартибин түзүүгө умтулуусун шарттап турат. Батыштын кош стандарт саясаты өзөгүндө кылымдап түзүлгөн азыркы эл аралык укук системасын, АКШ менен анын союздаштарынын гегемониясына жолтоо болгон БУУ механизмин жок кылууга багытталган. Ал эми дүйнөлүк көпчүлүк көп тараптуу кызматташуунун жана бардык мамлекеттердин суверендүү теңчилигинин негизинде дүйнөлүк саясатты тескеген маанилүү институт катары аны сактап калууга аракет кылып келет.
Ушу тапта курч дүйнөлүк каатчылыктын жана глобалдуу тарыхый өзгөрүүлөрдүн себепкери Украина менен Израиль болуп турат. Ушул эки өлкөнүн колу менен эл аралык укук системасы, эл аралык мамилелердин турукташып калган эрежелери бузулууда. Башкы принцип — кош стандарттуулук. Ага ылайык, бирөөлөргө каалаганын жасоого укук берилсе, айрымдардын дегеле укугу жок, жасай турган болсо Батыштын макулдугу керек. Батыш мамлекеттеринин же "алтын миллиарддын" пикири боюнча, эл аралык саясий мамилелер ушул система менен иштеши керек. Албетте, мындай жагдайды эл аралык көпчүлүк кабыл ала албайт.
Дүйнө тартиби өзгөрүп жаткан чакта Украинанын мамлекеттүүлүгү олуттуу өзгөрүүгө тушугат, буга өлкөнүн жетекчилигин жана анын Батыштагы союздаштарын гана күнөөлөө керек. Израилдин да тагдыры кызык болгону турат. Батыштын таасири төмөндөп, көп полярдуу дүйнөнүн өз ар кызматташуусунун жаңы формалары пайда болууда, демек, мусулман өлкөлөрүнүн курчоосунда жайгашкан Израиль ыңгайлашып күн кечирүүгө аргасыз. Дүйнө картасында Палестина мамлекетинин пайда болушу жана палестиналыктардын мыйзамдуу укугунун калыбына келиши жаңы дүйнөдө тарыхый адилеттүүлүк орногонунун башкы белгиси болуп калмакчы.
Улуу Британия желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2024
Көнгөн адат калабы? Улуу Британиянын Борбор Азиядагы максатына сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0