Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Курманалиева: мамлекеттик мекемелер түйүлдүктүн дартын аныктай албайт

© Sputnik / Асылбек БактыбековАдамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун генетиги Мээрим Курманалиева
Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун генетиги Мээрим Курманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун генетиги Мээрим Курманалиева мамлекеттик ден соолукту чыңдоо борборлору курсактагы баланын ден соолугун, генетикалык дарттарын алдын ала аныктоочу деңгээлге жете электигин айтты.
Хромосомалык оорулардын белгилүү бир тобу бар. Ушул дартты да түйүлдүктөн аныктоого мамлекеттик медициналык мекемелерде мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу Мээрим Курманалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Курманалиева: мамлекеттик мекемелер түйүлдүктүн дартын аныктай албайт
Анын айтымында, социалдык чөйрөгө аралашуу ден соолугунан жабыркаган балдар үчүн абдан пайдалуу.
"Аутизм, ДЦП өңдүү неврологиялык дарттарды аныктоо үчүн ата-энелерди изилдөө кажет. Ата-энелерде же ата-тегинде тукум куучулук дарт болуп, анын кайсы ген экени белгилүү болсо, түйүлдүктө ошол гендин бар же жогун изилдөөгө мүмкүнчүлүк бар. Аминосинтез процедурасы менен баланын суусун алып, генетикалык анализге жиберебиз. Бирок ал бизде эмес, Москвада жасалат. Анализ кымбат турат. Ошол себептен көп ата-энелерде мүмкүнчүлүк жок. Айрым учурда үйдө оорукчан бала төрөлүп калса анын генин изилдеп, кийинки балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө болот. Же болбосо ЭКУ аркылуу бойго бүтүрүүдө эмбриондорду изилдеп, тазасын салышат. Муну да Кыргызстанда эмес, бизге жакыныраак Алматыда жасайт", — деди Курманалиева.
Ал неврологиялык жактан жабыркаган балдарга дени сак балага жасагандай эле мамиле жасоо керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0