Борбор Азиядагы евразиялык бейөкмөт уюмдар кантип иштеши керек. Эксперттин пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековМедиаэксперт Таалайбек Ороскулов
Медиаэксперт Таалайбек Ороскулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Таалайбек Ороскуловдун айтымында, евразиялык уюмдар жаштарга караганда улууларга көп көңүл бурат.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Евразиялык бейөкмөт уюмдар (БӨУ) Борбордук Азия мамлекеттеринин коомдук айдыңына кире албай турат деген пикирин медиаэксперт Таалайбек Ороскулов эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун бет ачарында сүйлөп жатып билдирди.
Ал Кыргызстандагы бейөкмөт эмес уюмдар боюнча мыйзамга түзөтүү киргизилгенден кийин батыштык маанайдагы уюмдар же өлкөдөн кетерин, же көмүскө ишмердүүлүккө өтөрүн айтты.

"Бүгүнкү күндө евразиялык БӨУларда Борбордук Азия мамлекеттеринин коомдук айдыңына кирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралып турат. Бирок иш майнаптуу болушу үчүн ар бир өлкөнүн менталитетин эске алуу зарыл. Себеби Кыргызстандагы евразиялык уюмдар креативдүү иштебейт. Ишин отчет үчүн жасап жаткандай сезилет", — деген Ороскулов.

Анын айтымында, евразиялык коомдук уюмдардын аксаган дагы бир жагы — жаштар менен иштөө маанилүү болуп турган чакта, кичүү муундарга караганда чоңдорго көбүрөөк басым жасаганы.
"Көңүл мурдагы СССРдин жашоочуларына бурулуп, уюмдар Советтер Союзуна болгон ностальгияда калып келишет. Учурда жаштар, өспүрүмдөр жана балдар менен иштөө керек. Аларга евразиялык аймакты — илимди, спортту, маданиятты, мыкты билим берүүнү көрсөтүү зарыл", — деп белгилеген медиаэксперт.
Чүй облусундагы көп функционалдуу консерва заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Эксперт: ЕАЭБ өлкөлөрү атаандаштыктан кызматташууга өтүшү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0