Май майрамдарында калкты тейлөө борборлору кандай иштейт. График

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКалкты тейлөө борборун иши. Архив
Калкты тейлөө борборун иши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Санариптик өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктарга тиешелүү документтерди толтуруп жана алууда майрам күндөрүн унутпоону эскерткен.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги калкты тейлөө борборлору менен Калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүктөрүнүн узакка созулган май майрамдарында кандай иштээрин билдирди.
"Тиешелүү документтерди толтуруп же алууда майрам күндөрүн унутпоону эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.
Элди тейлөө борборлору менен Калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүктөрү кадимкисиндей эле жана түшкү тыныгуусуз иштеген күндөр:
6-8-май — саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
10-11-май — саат 8:00дөн 18:00гө чейин.
Бишкекте паспортторду элди тейлеген эки чакан борбордон ала аласыз:
ТЭЦтин каршысында жана Садырбаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде.
Иштөө графиги:
3, 7, 8 жана 10-12-май — саат 10:00дөн 19:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 14:00-15:00);
4-майда — саат 10:00дөн 18:00гө чейин;
1, 2, 5, 6 жана 9-майда иштешпейт.
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат. Календарь
Жаңылыктар түрмөгү
0