Путин: коопсуздукту камсыздоого кызыкдар болгондор менен кызматташууга даярбыз

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин
Россия лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Лидер Россия глобалдуу коопсуздукту камсыздоо үчүн кызыкдар болгон өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Террорчулук ХХI кылымдын кооптуулуктарынын бири катары кала берет, бир катар өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын колунан келген терактылар суверендүү мамлекеттин конституциялык негизин бузуп, улуттардын, элдердин ортосуна от жагууну көздөйт. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин Санкт-Петербургдагы коопсуздук тармагын караган жогорку деңгээлдеги өкүлдөрдүн XII эл аралык жолугушуусунун катышуучуларына жасаган видеокайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
"Албетте, ХХI кылымдын өтө кооптуулуктарынын бири — эл аралык террорчулук", — деп белгилеген Россия лидери.
Путин мындай каргашалардын артында бир катар өлкөлөр турганына да токтолгон.
"Дүйнөнүн булуң-бурчундагы терактыларды радикалдык топтор гана эмес, бир катар өлкөлөрдүн атайын кызматтары да жасап жатат. Максаты — суверендүү мамлекеттин конституциялык негизин бузуп, улуттардын, элдердин ортосунда от жагуу", — деген Путин.
Ал Россия глобалдуу коопсуздукту орнотуп камсыздоо үчүн кызыкдар болгон өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.
"Дагы белгилеп кетейин, Россия дүйнөлүк жана аймактык коопсуздукту камсыздоо үчүн кызыкдар болгон бардык тараптар менен кызматташууга, көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берген жаңы көп полярдуу дүйнөлүк тартипти түзүүгө даяр", — деп белгилеген Путин.
Аталган жолугушуу элдердин тынчтыгы үчүн өзүнүн салымын кошоруна ишенимин билдирген.
"Сиздердин жолугушуу өлкөлөрүбүз менен элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн кызматташууну бекемдээрине, дүйнөнүн жана планетадагы туруктуулукка салымын кошоруна ишенип турам", — деген Россия лидери.
РФ президенти Владимир Путин Федералдык коопсуздук кызматынын коллегиясынын кеңейтилген жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2024
Путин: Батыштын атайын кызматтары Россияны коркутууга аракет кылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0