Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Радиоэфирди кызыктуу, маңыздуу алып баруунун жолдору боюнча мастер-класс. Видео

Жазылуу
Журналист болом деген студенттер үчүн кезектеги мастер-класс уюштурулуп, бул ирет SputnikPro иш-чарасын Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу жана редактору Айтурган Сатиева өттү.
Ал болочок журналисттерге радио азыр деле актуалдуулугун жогото элек тармак экенин айтып, бул багытта иш алып барууну каалагандарга жеке тажрыйбасы менен бөлүштү. Сатиева журналист теледе болобу, радиодо болобу, эфирге чыгарда жакшылап даярдануу керектигин, ар бир эфирди угарман түшүнгүдөй кылып жөнөкөй алып баруу зарылдыгын айтып берген.
Ошондой эле журналистте продюсерлик шык, уюштуруучук сапат болсо спикер чакырууда кыйналбай турганын белгилеген. Өзүнүн журналистика тармагындагы тажрыйбасы, кызыктуу окуялары менен да бөлүшкөн.
Мастер-класска Бишкектеги үч жогорку окуу жайдын студенттери катышып, ОшМУнун студенттери да онлайн кошулду. Иш-чарадан кийин студенттер радиого иштөөгө кызыгып калганын, иш-чара эки саатка созулса да пайдалуу, кызыктуу болгонун айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0