Кимге татуаж жасатканга болбойт. Дарыгердин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКыз татуаж жасоо учурунда. Архив
Кыз татуаж жасоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Тери ооруларынан жабыркагандар, боёкко аллергиясы барлар терисине сүрөт түшүрүүдөн алыс болушу керек.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Дерматолог Светлана Жабоева бардык эле адамдар денесине сүрөт чектирсе болбой турганын Sputnik радиосуна айтып берди.
Адис татуировка ден соолукка зыян алып келерин белгилеген. Айтымында, денеге түшүрүлгөн сүрөт меланоманы аныктоого тоскоолдук жаратат.

"Тери рагы, меланома менен жабыркагандарга денесине сүрөт чектирүүгө такыр болбойт. Ал тургай туугандарынан теридеги онкологиялык илдеттер табылган болсо да мындай кадамга барбаш керек. Себеби татуировкадан кийин ооруну алдын алуу үчүн диагноздорду жүргүзүүдө кыйынчылыктар жаралат", – деген дерматолог.

Ал татуажды ар кандай боёкторго аллергиясы барлар да жасатпашы керектигин эскерткен. Денеге сүрөт тартуунун алдында сайылган анестезия да аллергия менен жабыркагандарга терс таасир бериши ыктымал. Мындан тышкары, терисинде жугуштуу оорусу барлар да бул "өнөрдөн" алыс болушу керектигин белгилеген.
"Эгер адамдын терисинде бактериялык, вирустук илдеттери бар болсо, аларга да денеге сүрөт чектиргенге тыюу салат. Герпес менен жабыркагандар мындай процедуралардан соң сөзсүз вируска каршы препараттарды ичиши керек. Мисалы, адамдын ооз жагында учук болсо татуаждын формасы өзгөрүлүп, сызыктары так көрүнбөй калат", – деген Жабоева.
Адис денеге сүрөттү бир жолу гана колдонулчу ийнелер менен чектирүүнү эскерткен. Ошондой эле дерматолог бир катар ооруларды жугузуп алуу коркунучун кошумчалап, сүрөт тарткан адамдан боёктордун сертификатын көрсөтүүсүн талап кылуу ашыкча болбостугуна кеңеш берген.
Контурдук пластика. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Контурдук пластиканы кимдер жасатпашы керек? Косметологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0