Россияны өзөктүк согушка күнөөлөгөн АКШнын БУУдагы өкүлү кескин жооп алды

© AP Photo / Eugene HoshikoАКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд
АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Негизсиз айтылган билдирүүгө БУУдагы Россиянын өкүлү Василий Небензя дароо реакция жасаган.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд уюмдун Коопсуздук кеңешинин отурумунда Америка 1945-жылы атомдук бомба таштаган Япониянын Нагасаки шаарына барганын, дүйнө мындан ары "өзөктүк куралдын апаатын" көрбөш керектигин айтып, жоопкерчиликти Россияга жүктөөгө аракет кылган. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Москва мурдараак БУУнун Коопсуздук кеңешинде АКШ, Япониянын космос мейкиндигинде курал жайгаштырууга тыюу салган резолюциянын долбооруна вето койгон.
Россиянын мындай кадамынын жөнү болгон. Анткени Коопсуздук кеңеши резолюциянын текстине Москва менен Пекиндин массалык кыргын салуучу курал эле эмес, космоско, дегеле курал аттуунун жайгаштырылышына туруктуу жол бербөөгө чакырган түзөтүүсүн киргизбей койгон. Ал эми Вашингтон менен Токио Россия жана Кытайдын сунушун кошууга каршы чыккан себебин түшүндүргөн эмес.
"Япониядагы сапардан жаңы келдим. Атомдук бомба акыркы ирет ташталган Нагасакиге барууга мүмкүнчүлүк жаралды. Бул согуш апаатын алдын алуудагы, дүйнө мындан ары өзөктүк куралдын апаатын көрбөш керектиги боюнча биздин терең жоопкерчилигибизди дагы бир ирет эске салды. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Россия мындай жоопкерчиликтен баш тартты", — деген Томас-Гринфилд Москва резолюция долбооруна вето койгонун эске салып.
Мындай билдирүүгө БУУдагы Россиянын өкүлү Василий Небензя кескин жооп кылган.
"Америкалык кесиптешим Япония, анын ичинде Нагасакиге барып, өзөктүк бомбалоонун жүрөктүн үшүн алган кесепетин эске салды. Сурасам болобу, ким бомбалаганын сизге айтышкан жокпу? Адамзаттын тарыхында биринчи жолу ташталган. Же бул туурасында балким япониялык кесиптешибиз айтып береттир", — деген Небензя алар унчукпай, ал өлкөнүн атын атабай келишкенин белгилеген.
Ал бомбаланып, болуп көрбөгөндөй апаатка кабылган япон шаарларына дагы бир ирет басым жасаган.
"Хиросима менен Нагасакиге бомбаны космостон учуп келген белгисиз бирөөлөр жасаган сымал унчукпай калышты", — деп кошумчалаган ал.
1945-жылдын август айында америкалык пилоттор Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына өзөктүк бомбаларды таштаган. Анын кесепетинен Хиросимада 140 миң адам, Нагасакиде 74 миң киши курман болгон. Алардын көбү жай тургундар эле. 6 жана 9-августтагы трагедиялуу окуянын жылдыгын эскерүү үчүн Хиросима менен Нагасакиде жыл сайын "Тынчтык иш-чарасы" өтүп келет.
Атомдук бомбанын куполу деп аталган Хиросима префектурасынын өнөр жайын өнүктүрүү залы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Япония өзөктүк бомбаны өлкөгө ким таштаганы тууралуу ооз ача албай койду
Жаңылыктар түрмөгү
0