Азербайжан-Кыргыз фондунун уставдык капиталы төрт эсе көбөйүп, 100 млн. доллар болот

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүнүн желектери. Архив
Кыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүнүн желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, ал бир катар артыкчылыктарга ээ болгон.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы төрт эсе көбөйтүлөт. Бул тууралуу Экономика жана комерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда тиешелүү келишимге кол коюлган.
Ага ылайык, фонддун капиталы 25 миллион доллардан 100 миллионго жеткирилет.
Эске салсак, 2022-жылы Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аталган фондду түзүү макулдашылган. Анын штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, фонд бир катар артыкчылыктарга ээ болгон.
Садыр Жапаров менен Илхам Алиев жолугушуп, бир катар келишимдерге кол коюлду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Садыр Жапаров менен Илхам Алиев жолугушуп, бир катар келишимдерге кол коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0