Өлкөдө патент берүү кыйла кыскарды. Себеби

Патент. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Салык кызматы 1-июлдан тартып соода жүргүзүү үчүн патент берүү токтотуларын эскерткен.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жыл башынан бери онлайн-режимде дээрлик 532 миллион сомго 215 миң 430 электрондук патент берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда дээрлик эки эсе азайган. Анын себеби патент боюнча соода жүргүзгөн ишкерлердин башка салык режимдерине өтүүсү менен түшүндүрүлөт.
Ошондой эле Салык кызматы 1-июлдан тартып патент менен соода жүргүзүү токтотуларын эскерткен. Мындан тышкары, электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына барбай эле Сabinet.salyk.kg. сайтындагы "жеке кабинетке" кирүү жетиштүү экени айтылган.
Ошондой эле электрондук патентти коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлор жана башка үчүнчү жактардын санариптик платформалары аркылуу тариздеп, төлөй алары кошумчаланган.
Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Салык системасын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга акча бөлүнөт. Суммасы
Жаңылыктар түрмөгү
0