Бухара эмиринин сарайындай... Кыргыз АССРинин биринчи Өкмөт үйүнүн сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек тарыхый сүрөттөрдү таап, анын таржымалын айтып берет.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин Борбордук аткаруу комитетинин имаратын (азыркы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги) көрсөткөн бул сүрөт 1930-жылы Фрунзе шаарында тартылган.
Белгилүү тарыхчы Зайнидин Курманов ошол мезгил тууралуу учкай маалымат берип, сүрөттүн чоо-жайын тааныштырды. 1924-жылы октябрда Советтик Россиянын курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түптөлгөн эле. Курмановдун айтымында, автономиянын борбору Жалал-Абад калаасы болмок. Буга чейин 1914-жылы ушул шаарга Ташкенттин темир жолу салынган. Бирок Жалал-Абадда административдик имарат жетишсиз эле. Дал ушул себептен улам борбор үчүн Беловодское жана Кочкор кыштактары, Пишпек, Токмок сунуштулат. Натыйжада Пишпек тандалган.
"Пишпек россиялык Түркстандын чети болуп көп көңүл бурулбай, имараттар жокко эсе эле. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борборуна айлангандан кийин курулуш боюнча маселе көтөрүлөт. Сүрөттөгү имарат 1926-жылы республиканын ошол кездеги жетекчиси Абдыкадыр Орозбековдун көзөмөлү менен салына баштаган. Курулушту Чехословакиядан келген "Интергельпо" кооперативинин мүчөлөрү куруп, архитекторлор үлгү катары Бухара эмиринин ак сарайын алышкан да, европалык жана араб стилдерин айкалыштырган. Эмирдин сарайы 1898-жылы Бухарадан 12 чакырым алыстыкта Жаңы Бухара (азыркы Каган) калаасында курулган. Байкасаңыздар, имараттын куполу чыгыш стилинде болсо, терезелери европалык стилде салынган. Курулуш 1928-жылы аяктап, ал жерге Борбордук аткаруу комитети (өкмөт үйү) жайгашкан", — деди Курманов.
Тарыхчы бул имараттан соң 1936-жылы Кыргыз ССРинин Өкмөт үйү (азыркы Жогорку сот) салынганын кошумчалады.
Тема боюнча:
Шахмат түрүндө салынган Пишпек. "Интергельпочулар" Кыргызстанга эмнеге келген
Жаңылыктар түрмөгү
0