Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду кандай багытта иш алып барат?

© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика жана коммерция министрлигинин Эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси Алибек Матиев
Экономика жана коммерция министрлигинин Эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси Алибек Матиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Экономика жана коммерция министрлигинин эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси Алибек Матиев кыргыз-азербайжан алакасы кандайча башталганын айтты.
Кыргызстан президентинин Азербайжанга алгачкы иш сапары 1997-жылы уюштурулган, кийинкиси 2012-жылы болгон. Андан соӊ эки өлкөнүн байланышы үзүлүп калган. Көп жылдар өтүп өлкө башчы Садыр Жапаров 2022-жылы апрелде Азербайжанга расмий сапар менен барып, өлкө президенти Илхам Алиевди Кыргызстанга чакырган. Бул тууралуу Алибек Матиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.
Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду кандай багытта иш алып барат?
Анын айтымында, 2022-жылдын соӊунда Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү макулдашылган. Анын уставдык капиталы 25 миллион долларды түзгөн.

"Фонддун маалыматына ылайык, 2023-жылы февраль айында каржылоого жалпы суммасы 160 миллиондон ашык долларды түзгөн 42 долбоор түшкөн. Ошентип Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосунда Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 25 миллион доллардан 100 миллион долларга чейин көбөйтүү жөнүндө кошумча келишим түзүлгөн. Президент Садыр Жапаровдун 24-25-апрелде Бакуга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында аталган келишимге кол коюлду. Фонддун капиталын көбөйтүү Кыргызстандын аймагындагы артыкчылыктуу бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн фонддун финансылык ресурстарын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле президент "Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргызстанда иштөөсүнүн шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Тийиштүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 17-апрелде кабыл алынган. Максаты — Кыргызстанда фонддун иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү. Макулдашууга ылайык, фонддун имараттары кол тийгис, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ага кыргыз жана азербайжан тараптын теңтөрагаларынын макулдугу менен кире алат. Андан тышкары, фонддун чет өлкөлүк кызматкерлери дипломатиялык өкүлдөргө колдонулган артыкчылыктарды, иммунитеттерди жана жеңилдиктерди пайдаланат. Фонд бажы алымдарынан, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошотулат. 2022-жылдан баштап эки өлкөнүн алакасын чыӊдоо максатында бир топ иштер аткарылды. Алсак, Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын "Достук" паркы ачылды. Бишкектеги №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды. 2023-жылдын соӊу Ысык-Көлдө Азербайжан сала турган беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул кошумча жумуш орундарын түзөт. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Азербайжанда кыргызстандык 21 ишкана ачылса, бизде алардын 28 ишканасы иштеп жатат", — деди Матиев.

Ал фонд Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0