Мүлктү легалдаштыруу өнөктүгүнүн мөөнөтүн узартуу сунушталууда

© Sputnik / Жоомарт Ураимовбирдиктүү салык декларациясы. Архив
бирдиктүү салык декларациясы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Азыркы иштеп жаткан мыйзамда 9-июнга чейин мүлктү ыктыярдуу легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү бар экени жазылган.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүн жыл этегине чейин узартууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Бийлик аталган демилгенин инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана ээлерин мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоолордон коргоо сыяктуу бир катар максаттары болгонун эске салды.
Ошондой эле аталган өнөктүк жалпы декларациялоого өтүүгө даярдыктын бир бөлүгү болуп саналат.
"Мыйзамдын максатын, ошондой эле экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган комплекстүү чараларды эске алуу менен мүлктү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартуу сунушталууда", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзамда мүлктү 9-июнга чейин ыктыярдуу легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү бар экени жазылган.
Сейфтеги сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Мүлкүн жашырган адамдарга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоор чыкты. Шарттары
Жаңылыктар түрмөгү
0