Ноокатта Ош облусундагы акыркы ардагер Карабай Бозорбоев көз жумду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Архив
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Бозорбоев 18 жашында фронтко аттанып, согуштан жаракат алып экинчи топтогу майып болуп калган.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ноокат районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Карабай Бозорбоев каза болгонун жергиликтүү администрациядан билдиришти.
Ардагер 99 жашка чыгып, бүгүн кайтыш болду. Ал Ош шаарын эсепке албаганда облус боюнча акыркы ардагер болгон.
Карабай Бозорбоев 1925-жылы 20-майда туулган. 1931-жылы мектепке барып, беш классты бүтүргөн.
1936-жылы Чапаев атындагы колхоздо иштеп баштаган. 1943-жылы 18 жашында фронтко аттанып, Ленинградда согушкан.
Фронтто жаракат алып, андан кийин экинчи топтогу майып болуп калган. 1948-жылы туулган жерине кайтып келген.
Бозорбоевдин алты баласы, 20 небереси, 70 чөбөрөсү жана 4 чебереси бар.
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Генерал-полковникти тарбиялаган ардагер чоң аталар. Абдыгул Чотбаевдин эскерүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0