Кара-Сууда салыкчы 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКара-Суу районунда салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Кара-Суу районунда салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Өлкөгө алып келинген тогуз автоунаанын 650 миң сом салыгын жашыруу үчүн пара талап кылынган.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кара-Суу районунда салык кызматкери 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызматка ишкер кайрылып, Кара-Суу районунун салыкчылары өлкөгө алып келинген тогуз автоунаанын 650 миң сом салыгын жашыргандыгы үчүн 100 миң сом пара талап кылганын маалымдаган.
Факт боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө акча каражатын Ош облусунун Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. опузалап талап кылгандыгы аныкталган.
Шектүү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен 27-апрелде кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Системалуу коррупцияга шектелип беш салыкчы кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0