АКШда Россиядан уран импорттоого тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүУран гексафториди куюлган контейнер. Архив
Уран гексафториди куюлган контейнер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
Эми документ президент Жо Байденге жөнөтүлөт.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. АКШ Сенаты Россиядан уран импорттого тыюу салган мыйзамды жактырды. Бул тууралуу Конгресстин жогорку палатасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары боюнча комитетинин билдирүүсүндө айтыларын РИА Новости жазды.

"Сенаторлор: Жон Баррассо, Жо Манчин, Жим Риш... HR 1042ни (демилгени – ред.) — россиялык уранды АКШга ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алууну колдошот", — деп айтылат билдирүүдө.

Анткен менен кабыл алынган мыйзам долбоорунда америкалык бийликтин россиялык уранды 2028-жылдын январына чейин сатып алууну улантуу укугу камтылган.
"Бирок энергетика министри мамлекеттик катчы жана соода министри менен кеңешип, аз байытылган уранды импорттоонун негизинде бул параграфтан баш тарта алат", — деп айтылат документте.
Сатып алууну улантууга АКШ реакторлорунун иштешин камсыз кылуу үчүн урандын альтернативдүү булактарынын жоктугу же мындай сатып алуулар Вашингтондун "улуттук кызыкчылыктарына" жооп берери себеп боло алары айтылган.
Мыйзам долбооруна берилген түшүндүрмө катта РФтен АКШга уран импорттого салынган тыюу 2040-жылдын 31-декабрына чейин уланары айтылат.
Аталган мыйзам долбоору Сенат тарабынан жактырылгандан кийин эми АКШ президенти Жо Байденге кол коюуга жөнөтүлөт.
Азыр АКШда өзөктүк энергиянын үлүшү 20 пайызды түзүп, өлкө өзүн 30 пайызга камсыздай алат, Россиядан келген отун 20 пайыздын тегерегин түзөт.
АКШнын аскер кызматкери ATACMS жүктөө үчүн кран даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага ракета берилгенден кийинки Россиянын кадамы боюнча АКШдан үн катышты
Жаңылыктар түрмөгү
0