Бишкектин борборунда жөө адамдар өтө турчу диагоналдуу чийин пайда болду. Видео

© AP Photo / Eugene HoshikoКөчөлөрдүн кесилишиндеги адамдар өтө турчу диагоналдуу чийиндер. Архив
Көчөлөрдүн кесилишиндеги адамдар өтө турчу диагоналдуу чийиндер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкекте биринчи жолу жөө адамдар өтө турчу диагоналдуу чийиндер пайда болгонун мэриядан билдиришти.
Бул чийиндер Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине (ЦУМ менен ГУМдун ортосу) түшкөн.
Жакын арада ушундай эле зебра "Ош" базары тарапта Чүй проспектинде жасалат.
Мындай диагоналдуу чийиндин өзгөчөлүгү — жөө адамдар көп болуп кеткенде автоунаалар убактылуу токтотулуп, эл бардык багыт боюнча өтө берет.
Нанесение вафельной разметки на перекрестках в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Бишкектин көчө кесилиштерине чакмак жол чийиндер пайда болот
Жаңылыктар түрмөгү
0