БУУ: Израилдин Рафахтагы операциясы Газа секторунун элин дагы азапка салат

© AP Photo / Mohammed HajjarИзраилдин абадан жана кургактыктан Газа тилкесиндеги чабуулунан калган кыйроолордун көрүнүшү
Израилдин абадан жана кургактыктан Газа тилкесиндеги чабуулунан калган кыйроолордун көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
Гриффитс операция анклавда иштеген гуманитардык уюмдар үчүн чоң сокку болорун белгилеген.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Израиль армиясы Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына кол салгыдай болсо, эч нерсе ага каршы тура албайт. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс билдиргенин РИА Новости жазды.
"Газадагы Рафах шаарында Израиль кургактагы операциясын баштай турган болсо, айтып бүткүс трагедия болот. Бир дагы гуманитардык жааттагы план ага каршы тура албайт", — деген Гриффитс.
БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары бул операция жакын арада ишке ашарын эскертип, Газа секторунун тургундарын дагы азапка салып, анклавда иштеген гуманитардык уюмдар үчүн катастрофалык сокку болорун белгилеген.
Шейшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагыларды бошотуу боюнча ХАМАС менен келишимдин түзүлөр-түзүлбөсүнө карабай Израиль армиясы Рафах шаарында операция жүргүзөрүн, бардык максаттарына жетмейинче Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес экенин билдирген.
Египеттин желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Египет Израилдин Рафах шаарына кириши боюнча эскертүү берди
Жаңылыктар түрмөгү
0