Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сыдыков: Медиация институту толугу менен реформаланат

© Sputnik / Асель СыдыковаЮстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков өлкөдө медиация тармагына толук реформа жасоо үчүн мыйзам долбоору сунушталарын айтты.
Аймактарда атайын медиациялык бюролор түзүлөт. Сотторго "медиацияда каралат" деген белги менен келген иштер дароо аталган бюролорго жиберилет. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сыдыков: Медиация институту толугу менен реформаланат
Анын айтымында, жарандар кандайдыр бир юридикалык көйгөйлөргө дуушар болсо жергиликтүү медиациялык бюролорго кайрылса болот.

"Бизде атайын мыйзамдын негизинде Медиация институту өз ишмердүүлүгүн 2017-жылдан бери жүргүзүп келет. Бул аралыкта аталган институт алгылыктуу көрсөткүчтөргө жете алган жок. Анткени улуттук өзгөчөлүктөр эске алынган эмес. Биз учурда ар кайсы мамлекеттердин медиация уюмдарынын иштөө тажрыйбалары менен таанышып келдик. Өзүбүзгө ылайыктуусу Түркия мамлекетинин системасы болуп турат. Ушул системаны биздин улуттук баалуулуктарга ыңгайлаштырып киргизүүнү пландоодобуз. Учурда аталган тармакты реформалоо максатында мыйзам долбоору жазылып жатат. Аны менен катар Жарандык кодекске, Жарандык-процессуалдык кодекске, Административдик-процессуалдык кодекске, мамлекет кепилдеген юридикалык көмөк мыйзамына, Эмгек кодексине жана башка тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирет. Бул мыйзам долбоорлору бири-бирине шайкеш келиши үчүн пакети менен сунушталат. Мыйзам колдоо тапса биз келечектеги медиаторлорду атайын окуудан өткөрүп баштайбыз. Жашы 25тен жогору, Кыргызстандын жараны болгон, жогорку билими бар, акыл-эси ордунда бардык эле каалоочулар медиатор боло алат. Сөзсүз эле юридикалык билим талап кылынбайт", — деди Сыдыков.

Ал Медиация институтун комплекстүү ишке киргизүү менен соттордун ишин жеңилдетип, юриспруденция багытында сапат жогорулаарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0