Уулум "апа, мени өлтүрүп койчу" деп жалбарчу. Ракты жеңген аялдын баяны

Жазылуу
Шайырбү Сагынбаева аты жаман илдетке чалдыкканын оору үчүнчү стадияга жеткенде билген.
Каараманыбыз көптөгөн аракеттердин, дарыгердин туура дарылоосунун, жараткандын колдоосунун арты менен рактан айыгып кеткенин айтып берди. Азыр Шайырбү эже ракка каршы дары-дармек ичүүнү токтоткон, жылына бир ирет медициналык текшерүүдөн өтүп турат.
Сагынбаева бул ооруну таарыныч, күйүттөн таптым деп ойлойт. Маектешим уулу кабылган оор тагдырды, уулунун азап чеккенинен жүрөгү тилинген күндөрүн эскерди.

"Уулумду сабап кетишип, он жыл төшөктө жатты. Мен 10 жыл уктаган жокмун. Ар эки саат сайын улам туруп котором, тамагын берем, дарысын берем. Баламдын жаны катуу ооручу. Ошондо "апа, сен күнөөгө батпайсың, дарылардын баарын берчи мага, мен өзүм эле баарын ичип өлүп калайын" деп суранчу. Бул дүйнөдө эне үчүн эң оор нерсе балаңдын ушундай сөзү", — деди Сагынбаева.

Анын айтымында, уулу каза болгондон кийин башка балдары аны эс алып келүүгө курортко жөнөтүшкөн. Ал жактан ракка кабылганын аныкташкан. Каарманыбыз оору менен кантип күрөшкөнүн, бул илдетке кабылган аялдардын башын бириктирген "Жашоо үчүн бирге" чеберканасын кантип ачканын баяндап берди. Аталган чеберканага онкологиялык оорудан жабыркаган аялдар келип, колунан келген буюмдарды тигип сатууга чыгарышат. Мындан түшкөн каражат ал айымдардын дарылоосуна жумшалат.
Тема боюнча:
Комадан фитнес-машыктыруучулукка чейинки жол. Эрбол Жээнтаевдин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0