Марат Иманкулов Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдөгү оорчулуктарды атады

© Фото / пресс-служба Пограничной службы ГКНБ КРКыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жазылуу
Коопсуздук кеңештин катчысы чек ара маселеси тынчтык жолу менен чечилиши керектигин айтты.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүү үчүн жер алмашуу вариантын карап чыкса болот. Мындай пикирин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул маселенин эң талуу жери — Баткен облусундагы чек аранын татаал участоктордон, калктуу конуштардан, көчөлөрдөн, ал тургай короолор менен үйлөрдөн өтүп жаткандыгы.

"Андыктан ич ачышса дагы бөлүш керек. Бул компромисске баруунун оор жолу, ансыз болбойт. Эпке келиш керек. Зарыл болсо жер алмашуу вариантын да карап чыкса болот. Албетте, алдын ала жергиликтүү калк менен макулдашып алуу зарыл, азыр деле иш ушул нукта жасалууда", — деди Иманкулов.

Коопсуздук кеңештин катчысы ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыгы бар экенин белгилеп, бирок учурда эки тарап тең издеп жаткан баланс жана компромисс зарылдыгын айтты. Ал чек ара маселеси тынчтык жолу менен чечилиши керектигин кошумчалады.
Кызыл-Бел-автодорожный көзөмөл-өткөрмө пунктунун жанында КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчысы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жапаров кыргыз-тажик чек арасында курман болгондорду эскерип, элге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0