Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Матвиенко Киевдин кылмыштарын иликтөө үчүн трибунал түзүүгө чакырды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко
Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Жазылуу
Федерация кеңешинин төрагасы Одессадагы трагедияда күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин айтты.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Атайын аскердик операциянын жыйынтыгы менен Киев режиминин бардык кылмыштарын чогулткан чоң трибунал керек болот. Бул тууралуу Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Telegram каналына жазып, Одессадагы трагедиянын он жылдыгын эскергенин РИА Новости кабарлады.
2014-жылы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин "антимайдандын" активисттери нааразылыкка чыгышкан. 2-майда түштөн кийин бир тараптан "антимайдандын" активисттери менен Харьков жана Одессанын футболчуларынын, ошондой эле "Евромайдандын" радикалдарынын ортосунда чатак башталган. Мушташта чатыр шаарчасы талкаланып, мамлекеттик төңкөрүштү колдогондор жана улутчулдар "антимайдандын" өкүлдөрү баш калкалаган Профсоюздар үйүн өрттөп салышкан. Трагедиядан 48 адам каза таап, 250дөн ашык киши жабыркаган.

"Атайын операциянын жыйынтыгы менен ири трибунал керек деп ойлойм. Анда Киев жасаган кылмыштардын бардыгы майда-чүйдөсүнө чейин чогултулат. Бул трибуналдын негизги эпизоддорунун бирине — 2014-жылы 2-майда Профсоюздар үйүндө болгон коркунучтуу кылмыш боюнча айып тагылышы керек", — деп жазган Матвиенко.

Федерация кеңешинин жетекчиси бул кылмышта эскирүү мөөнөтү деген түшүнүк болбой турганын, Одесса трагедиясына күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартыларын айткан.
Матвиенко трагедияны иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоо үчүн Киевди мажбурлоого милдеттүү эл аралык уюмдардын аракетсиздигине да баа берилиши керектигин кошумчалап, айыпталуучулардын күнөөсүн аныктоого көптөгөн далилдер бар экенин айткан.
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Зеленский мобилизация болчуларды чочутпоо үчүн өлгөндөрдүн санын азайткан
Жаңылыктар түрмөгү
0