Мирзиёев: бүгүнкү күндүн чакырыгына бир да өлкө жалгыз туруштук бере албайт

© Фото / Пресс-служба президента УзбекистанаӨзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев. Архивдик сүрөт
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Жазылуу
Иш-чарага Акылбек Жапаров баш болгон Кыргызстандын делегациясы дагы катышууда.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бүгүнкү күндүн чакырыктарына бир да өлкө жалгыз туруштук бере албайт. Бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өтүп жаткан III эл аралык инвестициялык форумда билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.
"Өз ара ишеним жана сый-урмат, өз ара колдоо узак мөөнөттүү кызматташуунун бекем тиреги болуп кала берет", — деп белгилеген Мирзиёев өз сөзүндө.
Өзбекстан башчысы ошондой эле иш-чара дүйнөдө ири өзгөрүүлөр болуп жаткан маалга туш болгонун кошумчалаган. Анын айтымында, бул ар бир өлкө өзүнүн туура жолун издеп жатканын түшүндүрөт.
III эл аралык инвестициялык форум Ташкентте бүгүн-эртең өтөт. Иш-чара Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулган. Форум чет элдик инвесторлорду тартуу, ишкердик мамилелерди жакшыртуу жана өлкөдө жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы платформа болуп калганын Sputnik Өзбекстан жазды.
Быйыл форумга 93 өлкөдөн 2,5 миң катышуучу келген. Иш-чарага Акылбек Жапаров баш болгон Кыргызстандын делегациясы дагы катышууда.
Рабочий визит председателя Кабинета Министров Акылбека Жапарова в Ташкент - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0