00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо 10-июнда башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады. Билдирмеге караганда, союз башчысы Камчыбек Ташиев стадиондо көчмө жыйын өткөргөн. "Жыйында Кыргыз футбол союзуна стадиондун айланасын көрктөндүрүү, оюн талаасын калыпка келтирүү, жарыктандыруу системасын оңдоп-түзөө тапшырмасы берилсе, Жеңил атлетика федерациясына чуркоочу аянтчаларды кароого алуу боюнча милдеттеме жүктөлгөн", — деп жазылат маалыматта. Реконструкция иштери 10-июнда башталып, сентябрга чейин уланары кошумчаланды.
Кыргызстанда мамлекеттин колдоосу менен 144 бал челек чарбасы ачылган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымына таянып ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, министр эки жылдын ичинде 144 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алып, балчылык менен ишкерлик кылганын, бизнес-идея өзүн актаганын белгилеген. Баатырова буга чейин мамлекеттин 100 миң сомдон акча алып күнөскана ачкан, ири мүйүздүү мал алып иш кылып жаткан аялдар менен жолуккан. Эмгек министрлиги мамлекет менен социалдык келишим түзүүнү каалагандарга бал, мал чарбасынан тышкары башка тармактарда да күчүн сынап көрүүнү сунуштаган.
Ош облусунда болгон кечээки сел айдоочунун өмүрүн алып кеткенин ӨКМден билдиришти. Кырсык Кара-Кулжа районунун Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунун 41 чакырымында болгон. Төрт адам отурган автокөлүк селде калып, эки аял менен жаш баланы жергиликтүү эл сактаганга жетишкен. Ал эми айдоочуну ылай аралашкан жаалуу катуу суу агызып кеткен. Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан келген 11 адам сөөктү сайдан издеп таап, туугандарына өткөрүп берген. Эске салсак, кечээ, 20-апрелде Ош облусунун бир катар аймактарында сел жүргөн.
Режиссер Бегалы Наргозуевдин "Жылкычы чымчык" толук метраждуу тасмасы Франциядагы эл аралык фестивалга катышат. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди. Фестиваль 13-майдан 15-майга чейин Ницца шаарында өтөт. Анда фильм "Фестивалдын мыкты тасмасы", "Мыкты операторлук иш", "Мыкты костюм" жана "Мыкты тасма" номинациялары боюнча ат салышат. Иш-чарага режиссер Бегалы Наргозуевден тышкары актерлор Жамила Сыдыкбаева жана Марат Ибраев, ошондой эле тасманын продюсери Афизакан Мырзапаязова барары айтылды. "Жылкычы чымчык" тасмасынын бет ачары былтыр декабрда болгон. Кинодо экологиялык көйгөй чагылдырылганы айтылат.
Россия аскердик кабарчы Семён Ереминдин өлтүрүлүшүн Киевдин кандуу кылмышы катары баалайт. Бул тууралуу ТИМдин атайын өкүлү Мария Захарова ведомствонун Telegram каналында билдирди. ТИМ тиешелүү эл аралык уюмдардан жана укук коргоо түзүмдөрүнөн россиялык журналисттин өлтүрүлүшүн тез арада жана чечкиндүү түрдө айыптоону талап кылды. "Алар адаттагыдай унчукпай коюп Киев режиминин медиаөкүлдөрүнө каршы мындан да үрөй учурган террордук чабуулдарына шарт түзүп берүүдө. Ошентип чабуулдун катышуучусу болуп калышат", — деген Захарова. Россиянын Тергөө комитети аскер кабарчысынын өлүмүнө тиешеси барлардын бардыгын аныктай турганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0