00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кытайда Кыргызстандан барган 10 баланын жүрөгүнө операция ийгиликтүү жасалганын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, жүрөк кемтиги бар балдар ата-энелеринин коштоосунда Кытайга март айында учуп кетишкен. Аларга операция Хэнань аттуу провинциядагы Төш хирургиясы ооруканасында жасалган. Балдар ооруканадан 19-апрель күнү чыккан. Кыргызстандык балдарды дарылоо оорукананын Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги, биринчи айым Айгүл Жапарова жетектеген "Эне-балага тирек" фонду менен кызматташуусунун алкагында жасалганы кошумчаланды.
Кыргызстанда мопед жана мотоцикл айдагандарга карата масштабдуу рейд жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, акыркы убактарда, Кыргызстандын аймагында, скутер, мопед, велосипед жана электросамокат каражаттарын башкарган жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын жол эрежесин одоно бузушуп, алар тарабынан ар кандай жол кырсыктарынын саны күндөн-күнгө көп катталып жаткандыгы байкалууда. Мындан сырткары, аба ырайынын жылышы менен борбор калаада жарандардын скутер, мопед, велосипед жана электросамокат транспортторун кеңири колдонулушу байкалууда, ошондой эле, жарандардын тамак-аштарын ташуу менен алектенген ишкерлер колдонуп, алардын жолдо жүрүшү айдоочуларга тоскол жаратып, жана жол эрежесин буузулары көп кездешүүдө. Аталган көрүнүштөр массалык маалымат булактарындан коомчулук арасында жагымсыз жагдайларды жаратып келет. Ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында тамак-аш жеткирүү менен чет элден келген жарандар ишмердигин аткарып келген учурлар кездешүүдө.
Кыргызстанга Германиядан 17 автобус келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады. Анын айтымында автобустар үч эшиктүү жана алар жүргүнчү ташууга ылайыкталган. «Автобустар грант түрүндө, башкача айтканда, акысыз негизде берилди», — деди президенттин басма сөз катчысы.
Бишкек шаарында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калааны тазалоого 30 миңден ашык адам чыкты. Шаардыктар жана уюмдар тарабынан 934 түп көчөт отургузду. Муниципалдык ишканалардан жана шаардык кызматтардан 98 атайын техника тартылды. Белгилей кетсек, президенттин жарлыгынын алкагында жыл сайын сентябрдын үчүнчү ишембисинде жана апрелдин үчүнчү ишембисинде Улуттук тазалык күнү белгиленип келет.
АКШ парламентинин төмөнкү палатасы Украинага дээрлик 61 миллиард 840 миллион долларлык кошумча жардам берүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алганын Sputnik радиосу РИА Новостиге таянып билдирди. Эми аны Жогорку палата (Сенат) бекитип, президент Жозеф Байден кол коюшу керек. Мындан тышкары Өкүлдөр палатасы Тайвань менен Израилге аскердик жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорлорун кабыл алган. "Киевге аскердик жардам берүү – террорчулукту түздөн-түз каржылоо, Тайванга Американын жардам берүүсү – Кытайдын ички иштерине ачык эле кийлигишүүсү, ал эми Израиль тууралуу айтсак, бул жерде кеп аймактагы курч абалдын мындан да курчушу тууралуу болот", – дешкен Россия ТИМинен. Бул арада Wall Street Journal АКШнын жаңы жардамы Украинадагы абалды түп-тамырынан бери өзгөртүп жибере албастыгын жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0