ӨКМ селдин жүргөн себептерин санап берди

© AP Photo / Rodrigo AbdСелдин кесепеттери. Архив
Селдин кесепеттери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Мал көбөйүп, жер кыртышына суу сиңбей калууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тоолордо чөп аз болууда.
"Селдин жүрүшүнө курулуштардын тиешелүү талаптар сакталбай жүргүзүлүшү, арык, каналдардын жоктугу же тазаланбай таштындыга толушу себеп. Ошондой эле малдын көбөйүшүнөн улам тоодо чөп азайып, суу жер кыртышына сиңбей калып жатат", — деди Шамырканов.
Министрдин орун басары депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып соңку убакта локалдуу жаан-чачындар көп болуп жатканы дагы селдин себептеринин бири экенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Депутат "оор кырдаалда командировкалап жүргөн" ӨКМ жетекчилигин сынга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0