Россиялык эксперт: кыргызча китептерди орус тилине которууга суроо-талап жогору

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЧыңгыз Айтматовдун портрети жана кыргыз тилиндеги китептер. Архив
Чыңгыз Айтматовдун портрети жана кыргыз тилиндеги китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Адистин айтымында, Россиянын котормолор институту кыргыз адабият тармагы, басылмалары менен кызматташууну өнүктүрүү ниетинде.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Россиянын тил котормолору институтунун аткаруучу директору Евгений Резниченко котормочунун негизги милдеттери жана кыргыз-орус тилдери адабият аркылуу кантип бири-бирин байытары тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде айтып берди.
Ал адабий котормолордун артында кыргыз-орус тилдери бири-бирин байытып жатканын билдирген.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов J. UraimowРоссиянын тил котормолору институтунун аткаруучу директору Евгений Резниченко
Исполнительный директор Института перевода РФ Евгений Резниченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Россиянын тил котормолору институтунун аткаруучу директору Евгений Резниченко

"Эгерде орус тилиндеги чыгармаларды кыргыз тилине которсо, анда ага жаңы сөз, маани, менталдуулуктун бир бөлүгү кошо кирет. Тескерисинче, кыргыз тилиндеги чыгарма орусчага которулса да ушундай процесс болот. Дал ушундан улам котормочулардын милдети абдан чоң, жоопкерчиликтүү", — деген эксперт.

Анын айтымында, Россиянын котормолор институту кыргыз басылма, адабияттары менен кызматташууну өнүктүрүү ниетинде.
"Биз Кыргызстан менен көп жылдардан бери иштешебиз, алдыда республиканын адабият бирикмеси менен кызматташуу алакасын түзгүбүз келет. Орус тилиндеги чыгармаларды кыргыз тилине которууга грант берүүгө да даярбыз. Бул котормочуларга жана бул жааттагы кийинки муундагы адистерди тарбиялоого жардамын тийгизет деп ойлойм. Ошол эле учурда кыргызча китептерди орус тилине которуу боюнча да көптөгөн суроо-талаптар бар, андыктан россиялык адистердин байланыштарын берүүгө да даярбыз", — деген Резниченко.
КРСУнун Орус тил институтунун кызматкерлери Кыргызстандын бир катар аймактарында сурамжылоо жүргүздү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Окуучулардын, студенттердин 70 пайызы орус тилин жетиштүү билет. Сурамжылоо
Жаңылыктар түрмөгү
0