Жүрөгүбүз ооруп турат! Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдарга барды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУКМК башчысы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Камчыбек Ташиев балдарды көрүп чыкканын, абалдары жакшы деп айтуу кыйын экенин билдирген. Ошондой эле абалы оорлорду ата-энеси менен Бишкекке учак менен алып кетишерин белгилеген.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Сузактагы кырсыкка байланыштуу аталган районго барып, балдардын абалы менен таанышты. Ал кырсык болгон аймакка президенттин тапшырмасы менен окуяны иликтеп, коопсуздукту сактабаган жетекчилерди аныктоо үчүн иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында келгенин массалык маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп берип жатып айткан.
Ташиевдин кебинин урунттуу учурлары:
Бул кырсыкты бир күндүн ичинде укук коргоо, коопсуздук органдары, прокуратура болуп чогуу изилдеп чыктык. Айрым маалымат каражаттары жазып жаткандай, ал жерде террордук же бир кылмышка байланышкан эч кандай далилдер аныкталган жок. Бул —коопсуздукту сактабагандык, шалаакылык.
Уюштуруу иштеринде көп кемчиликтер кеткенин белгилей кетким келет. Мисалы, унааларды адамдардын арасына киргизбеш керек болчу. Автоунаа үчүн атайын жай болуш керек эле. Балдардын арасына чоочун адамдарды киргизбөө маселелери да каралган эмес. Коопсуздук маселесинен улам Орозо айт намазын да аянтка окуган жокпуз.
Коопсуздукту бузган жетекчилер жоопко тартылат. Мен президенттин тапшырмасы менен кырсыкты иликтөө үчүн келдим.
Президенттин тапшырмасынын негизинде өлкө башчынын фондунан жабыркаган балдардын абалы оорлорунун ар бирине 200 миңден, жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон бөлүнөт.
Медицина кызматкерлери консилиум өткөрүп, абалы начар балдарды ата-энесин кошуп учак менен Бишкекке алып кетебиз.
Балдарды көрүп чыктым, акыбалдары жакшы деп айтыш кыйын. 8-9-10 жаштагы балдар экен, баарыбыздын жүрөгүбүз ооруп турат.
Ташиев сөзүнүн соңунда манасты массалык түрдө айтуу туура эмес деген пикирин билдирген. Мындай иш-чаралар аймактар арасындагы атаандаштыкка айланып кеткенин белгилеген. Ошондой эле балдарды массалык иш-чараларга тартууга каршы экенин кошумчалаган.
Эске сала кетсек, кечээ, 2-май күнү, саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузакта жабыркагандардын абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Сузактагы кырсык. Жабыркагандардын саны 35ке жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0