Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина да бар. АКШ Сенаты союздаштарга жардам берүү мыйзам долбоорун кабыл алды

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteВашингтондогу Капитолий имараты. Архив
Вашингтондогу Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Декабрда токтотулган колдоо ушул жуманын аягына чейин жанданышы мүмкүн.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШ Сенаты союздаштарына, башкача айтканда, Украина, Израиль жана Тайванга жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Сенаттын 79 мүчөсү документти колдосо, 18и каршы болгон. Ошентип Конгресстин эки палатасы мыйзам долбоорун жактырды. Эми ага АКШ президенти Жозеф Байден кол коюшу керек.
60,84 миллиард доллардын 23,2 миллиардын Пентагондун Украинага берген курал-жарагынын ордун толтуруу үчүн жумшоо сунушталууда. Дагы 13,8 миллиард доллар аскердик муктаждыктарды жабууга коротулмакчы. Ал эми көрсөтүлгөн жардамдын аудити үчүн конгрессмендер 26 миллион доллар бөлмөй болушту.
Декабрда токтотулган колдоо ушул жуманын аягына чейин жанданышы мүмкүн. Көлөмү көбүрөөк болуп, курамына абадан коргонуу каражаттары, артиллерия, сооттолгон техника, ATACMS ракеталары камтылганы айтылган. Politico гезитинин маалыматына ылайык, АКШ жардамдын бир бөлүгүн 9-майга чейин жеткирүүнү пландап жатат, бирок жетишери күмөн.
Москва Батыштын Украинага көрсөткөн аскерий жардамы жаңжалды создуктуруп жатканын, курал-жарак жүктөлгөн транспорт РФ армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет.
Россиянын аскерий техникасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Politico: Россия Украинада болжолдонгондон эртерээк жеңишке жетиши мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0