"Көзүрлөр Путиндин колунда". АКШда Жакынкы Чыгыш тууралуу кызык пикир айтылды

© AFP / GAVRIIL GRIGOROVРоссия президенти Владимир Путин. Архив
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Өткөн аптада Россия менен Ирандын президенттери Владимир Путин жана Эбрахим Раиси Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулашкан.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы өлчөөсүз кадыр-баркынан улам региондогу абал боюнча көзүрдүн баарына ээ болуп турат. Мындай пикири менен Пентагон башчысынын мурунку кеңешчиси Дуглас Макгрегор Judging Freedom Youtube каналына маек куруп жатып бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.
"Россия — Жакынкы Чыгыш маселесиндеги дагы бир фактор. Ушу тапта Владимир Путиндин колунда регион боюнча көшөгө артындагы көзүрлөрдүн баары бар. Ага деген сый-урмат өтө чоң", — деди ал.
Аналитиктин айтымында, РФ президенти дайым сабырдуулукка чакырып келген, ал эми региондогу өлкөлөр жалпы жонунан анын кеп-кеңешине кулак салып келишет.
"Путин өзү дагы Россия сымал эле чоң кадыр-баркка ээ", — деген Макгрегор.
Өткөн аптада Россия менен Ирандын президенттери Владимир Путин жана Эбрахим Раиси Израилдин соккусунан жана Тегерандын жообунан кийинки Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулашкан. Лидерлер азыркы окуялардын түпкү себеби Палестина-Израиль чырынын чечилбегенинде экенин белгилешкен болчу. Путин эки тарап тең сабырдуу болуп жаңжалдын ырбашына жол бербей турганына ишеним арткан. Анын айтымында, чатактын жаңы толкуну жалпы Жакынкы Чыгыш үчүн өтө эле кесепеттүү болот.
Иран 13-апрель күнү Израилге чабуул жасаган. ЖМКлардын маалыматы боюнча, 185 дрон, 36 канаттуу жана "жер — жер" классындагы 110 ракета учурулган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (куралдуу күчтөрдүн элиталык армиясы) Израиль басып алган аймактагы маанилүү аскердик объектилер жок кылынганын билдирген болчу. Өлкөнүн БУУдагы миссиясы чабуулду уюм Уставынын 51-беренесине таянып, Дамаскидеги дипломатиялык корпустарына болгон кол салууга жооп деп атады.
Америкалык ЖМКлардын жазганына караганда, Израиль жумага оогон түнү Ирандын объектилерине "чектелүү" сокку урган. Исфахан шаарынын районунда жарылуулар боюнча кабар түшкөн. Ирандын IRIB мамлекеттик агенттиги бир катар провинцияларда дрондордон улам абадан коргонуу системалары иштегенин билдирген. Tasnim агенттиги Исфахандагы өзөктүк объектилердин коопсуздугу толугу менен сакталганын маалымдады.
Тегерандын жашоочусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жакынкы Чыгышты чайпалтууга ким кызыкдар? Жаңжалдын шойкомдуу кесепети
Жаңылыктар түрмөгү
0