Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба президента АзербайджанаСадыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапары аяктады
Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапары аяктады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди. Андан сырткары, ар кыл тармактар боюнча жыйырмага чукул документке кол коюлду.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга 24-25-апрелде болгон мамлекеттик сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента КР Садыра Жапарова
Государственный визит президента КР Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Сапардын алгачкы күнү Баку шаарында "Зугульба" резиденциясында Жапаров менен Азербайжандын жетекчиси Илхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду.
Андан соң эки өлкө президенттери тар курамда сүйлөштү. Мында соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара кызматташууну тереңдетүү талкууланды. Тар курамдагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери Мамлекеттер аралык кеңештин II жыйынын өткөрүштү.
Жапаровдун Азербайжанга сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента КР Садыра Жапарова в Азербайджан
Государственный визит президента КР Садыра Жапарова в Азербайджан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Андан соң Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Ушул эле күнү эки лидер Баку шаарынын Азадлык — борбордук көчөлөрүнүн бириндеги сейил бакта кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественное открытие памятника Чынгызу Айтматову в Баку
Торжественное открытие памятника Чынгызу Айтматову в Баку - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Кыргызстандын президенти эки өлкө ортосундагы маданий байланыштардын маанилүүлүгүн жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ролун баса белгиледи. Кыргыз президенти Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, анын күмбөзүнө гүлчамбар койду.
Сапардын экинчи күнү Жапаров менен Алиев Хыдырлы айылында болочок орто мектепке мезгил кутусун салуу аземине катышты. Билим уясы Кыргызстандын элинен боордош Азербайжан элине белек катары курулмакчы.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония заложения капсулы под строительство школы в Азербайджане
Церемония заложения капсулы под строительство школы в Азербайджане  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапары аяктап, Жапаров 25-апрелде Бишкек шаарына кайтып келди.
Кыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүнүн желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Азербайжан-Кыргыз фондунун уставдык капиталы төрт эсе көбөйүп, 100 млн. доллар болот
Жаңылыктар түрмөгү
0