"Беш-Сары" соода борборунун директору кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР"Беш-Сары" соода борборунун директору кармалды
Беш-Сары соода борборунун директору кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Жазылуу
Атайын орган "Беш-Сары" соода түйүнүнүн жетекчилигине алдамчылык жана ири өлчөмдөгү салыктан качуу боюнча айып тагууда.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бир күн мурун "Беш-Сары" ЖЧКсынын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж.Н.К кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
УКМКнын маалыматындагы инициалдарга Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева туура келүүдө. Эске салсак, анын атасы мамлекетке келтирген 150 миллион сомдук зыяндын ордун толтуруп, эч жакка чыкпоо боюнча тил кат менен абактан бошотулган.
Атайын орган "Беш-Сары" соода комплексинин жетекчилигине алдамчылык жана ири өлчөмдөгү салыктан качуу боюнча айып тагууда.

"2023-жылдын ноябрында компетенттүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин "Беш-Сары" ЖЧКсынын директору ишкерлер үчүн ижара акыны 30 пайызга төмөндөткөн, бирок май айынан баштап ал мурдагы бааларды кайтарууну көздөгөн. Мындай кадам "Беш-Сары" соода түйүнүндөгү ишкерлердин арасында нааразычылыктын өсүүсүнө түрткү болгон", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү 29-апрелде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кара-Суу районунда салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2024
Кара-Сууда салыкчы 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0