48 кишини тирүүлөй өрттөп жиберишкен. "Одессалык Хатынь" апаатына 10 жыл болду

© Агентство "Одесса-медиа"Улутчулдар "антимайдандын" өкүлдөрү баш калкалаган Профсоюздар үйүн өрттөп салышкан
Улутчулдар антимайдандын өкүлдөрү баш калкалаган Профсоюздар үйүн өрттөп салышкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Жазылуу
Украинанын укук коргоо органдары бул кылмыш үчүн бир да кишини жоопко тарткан эмес.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Украинада 2014-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүшкө макул болбой, Киевдин нацисттик режимине каршы турууга аракет кылган адамдардын тирүүлөй өрттөлгөнүнө бүгүн 10 жыл болду. Апааттуу окуяны Ближнее зарубежье каналы эске салып видео жарыялады.
2014-жылы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин "антимайдандын" активисттери нааразылыкка чыгышкан. 2-майда түштөн кийин бир тараптан "антимайдандын" активисттери менен Харьков жана Одессанын футболчуларынын, ошондой эле "Евромайдандын" радикалдарынын ортосунда чатак башталган.
Мушташта чатыр шаарчасы талкаланып, мамлекеттик төңкөрүштү колдогондор жана улутчулдар "антимайдандын" өкүлдөрү баш калкалаган Профсоюздар үйүн өрттөп салышкан. Трагедиядан 48 адам каза таап, 250дөн ашык киши жабыркаган.
10 жылдан бери Украинанын укук коргоо органдары бул кылмыш үчүн бир да кишини жоопко тарткан эмес.
Ал эми неонацисттер жыл сайын каргашалуу окуяны кубаттап жүрүшкө чыгып турушат.
Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Матвиенко Киевдин кылмыштарын иликтөө үчүн трибунал түзүүгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0